Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясын кабыл алды

Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясын кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев туризм, авиакаттамдар жана соода чөйрөсүндө кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн БАЭ делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев БАЭ Жакынкы Чыгыш аймагында маанилүү экономикалык өнөктөш экенин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын өз ара пайдалуу багыттар боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы БАЭнин делегациясына жана "Air Arabia" авиакомпаниясынын жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын жарандарын БАЭден эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү, авиакаттамдардын географиясын кеңейтүү жана өлкөнүн масштабдуу долбоорлоруна инвесторлорду тартуу боюнча чараларды көрүүгө макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Суу өчүрүлө турган аймак: Маевка айылы: Скворцов көчөсү - Шаттык көчөсү - Чүй-39 көчөсү - Түлөбердиев көчөсү - Жапаров

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарынын Көчкөнөв көчөсүндөгү №135 даректе муниципалдык ипотекалык ишкана кура турчу көп батирлүү турак үйдүн курулушуна мезгил кутусун салышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Белгиленгендей, долбоорду муниципалдык ипотекалык

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

19-20-июлда өлкө аймагында абанын табы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз абанын температурасы +41...+43 градуска чейин жетет. Кыргызгидромет күндүн эң ысык маалында сыртта көп жүрбөөгө, жетиштүү суюктук ичүүгө жана өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугарууга чакырды. Ошондой эле абанын

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

Бишкекте АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кескин жогорулап, айрым май куюучу жайларда литри 109,9 сомго чейин жетти. Ошол эле учурда айрым түйүндөрдө күйүүчү май таптакыр жок болуп, айдоочулар арасында нааразычылык күчөдү. Бишкек шаарындагы май куюучу жайлардын абалына сереп салсак, анын жыйынтыгы төмөндөгүдөй: -        Bishkek Petroleum май куюучу жайларында АИ-95