Кылмыштуу кирешелерди каржылоого каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Кылмыштуу кирешелерди каржылоого каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 20дан ашуун министрлик жана мекеме жетекчилеринин катышуусунда кылмыштуу кирешелерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын 17-жыйынын өткөрдү. Жыйын улуттук финансылык коопсуздукту бекемдөөгө жана эл аралык баалоого даярданууга арналды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссия тарабынан түзүлүп жаткан ККФ/КА боюнча улуттук стратегиянын түзүмү бекитилди, анын долбоорун 2026-жылдын 1-сентябрына чейин мекемелер аралык жумушчу топ даярдашы керек: документке санариптик IT-чечимдерди киргизүү, алдын алуу чараларын күчөтүү, параллелдүү финансылык тергөө институтун өнүктүрүү жана улуттук жана сектордук тобокелдиктерди баалоону эске алуу менен виртуалдык активдерди камтыган жаңы финансылык инструменттерди жөнгө салуу боюнча артыкчылыктар камтылган. 

Кыргызстан Евразиялык топтун өлкөлөрүнүн арасында биринчи жолу өз ара баалоолордун 3-раундуна кирип жатат; комиссия жогорку даярдык деңгээлин белгиледи: 11 мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү, документтик этаптар аяктады жана профилдик суроолорго жооптор жөнөтүлдү; ЕАТнын эл аралык эксперттеринин көчмө миссиясы 2026-жылдын 14-сентябрынан 2-октябрына чейинки мезгилге пландаштырылган. 

Сектордук тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу үчүн комиссия бир катар негизги документтерди бекитти: Массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоо тобокелдиктерин баалоо жана азайтуу планы; Турак жай-курулуш секторундагы тобокелдиктерди баалоо отчету; коммерциялык эмес уюмдар секторунда террористтик иш-аракеттерди каржылоо тобокелдиктерин баалоо методологиясы жана пландары; ошондой эле Кыргызстан менен байланышкан чет өлкөлүк юридикалык жактардын тобокелдиктерин баалоо жана кумар оюндарына байланыштуу тобокелдиктерди баалоо демилгеленди. 

Мындан тышкары, санариптик чөйрөдөгү операциялардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган виртуалдык активдер сектору үчүн FATFдин "Жол картасын" этап-этабы менен ишке ашыруу планынын иштелип чыгышына старт берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media