Шайлоону жекшембиден, шаршембиге жылдырууу сунушталды
Кыргызстанда шайлоону жекшембиден шаршембиге жылдырып, ал күндү акы төлөнүүчү дем алыш кылуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.
Документти демилгелеген Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жекшемби күнү эл эс алууну тандап, добуш берүүгө барбай, мындан улам шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөп жатканын жүйө келтирген.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, шайлоо өтчү күн акы төлөнүүчү дем алыш деп жарыяланат, бирок шайлоого себепсиз катышпай койгондорго ал күн үчүн эмгек акы төлөнбөйт, бул күн камсыздандыруу стажына да кошулбайт.
Ал эми ошол күнү шайлоого катышып, анан ишке да чыкса эки эселеп айлык төлөнүшү керек.