Жаңы түзүлгөн агенттикке жетекчи дайындалды
Фархат Иминов Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралууу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Фархат Иминов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды.
Эске салсак, Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик жакында гана түзүлгөн.