Акыйкатчынын орун басары болуп Медербек Усаров дайындалды
11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын орун басары болуп Медербек Усаров шайланды.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Жаныбек Жоробаев аркалап келген. Ж.Жоробаев өзүнүн каалоосу менен кызматтан бошотулду.
Медербек Усаров буга чейин, Юстиция министрлигинде, Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясында иштеген. 2025-жылдан тартып депутаттын кеңешчиси болуп келген.