Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду.

Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу мамлекет Өзбекстандын Премьер-министри жана Иран, Куба делегациялары катышты.

Мындан тышкары Касымалиев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусь Президенти Александр Лукашенко менен жолугушуп, интеграциялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Ошондой эле ал "Иннопром. Беларусь" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media