Адылбек Касымалиев эл аралык көргөзмө борборуна барды

Адылбек Касымалиев эл аралык көргөзмө борборуна барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна барды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган кыргыз делегациясын Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин, Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин жетекчилери тосуп алышып, борбордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. 

CAEx эл аралык көргөзмө борбору – Борбор Азиядагы эң ири жана заманбап көргөзмө аянтчаларынын бири. Ал көргөзмө индустриясынын дүйнөлүк ассоциациясынын жана Эл аралык көргөзмөлөр жана иш-чаралар ассоциациясынын мүчөсү.

Эл аралык стандарттарга жооп берген ири хаб жана жалпы аянты 40 миңден ашун чарчы метрди ээлеген бизнес аянтчада – айыл чарба, кайра иштетүү, химиялык, электротехникалык жана жеңил өнөр жай, геология, машина куроо, энергетика, жасалма интеллект жана маалыматтык технологиялар сыяктуу 9 багыттагы көргөзмө залы менен менен таанышты. 

CAEx эл аралык көргөзмө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышуунун максаты адамдарды, идеяларды жана технологияларды бириктирүү үчүн инновациялык жана шыктандыруучу платформаны түзүү. Креативдүү жана чыгармачыл коомчулуктар кезиккен аянтча искусство, маданият, илим жана бизнестеги көп түрдүүлүктү колдоо үчүн Борбор Азиядагы B2B форматындагы жолугушууларга ыңгайлашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media
Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media