Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды
Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда.
Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка шаарларында жана райондук борборлорунда да ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Муниципалдык дүкөндү ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү баада эт менен камсыз кылуу жана эттин баасынын жогорулашына жол бербөө.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанидеги товарлардын бааларына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп келет.