Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты.

Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган.

Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен коопсуздугу жана маалыматтык технологияларды колдонуу менен балдарга болгон кылмыштардын алдын алуу жаатындагы тажрыйбаларын айтты.

Жыйындын аягында катышуучулар жыйынтык протоколго кол коюшту жана маалыматтык технология сферасындагы кылмыштуулукка каршы биргелешкен эксперттер тобун түзүү жаатында Казань декларациясын кабыл алышты.

Иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Кытай, Казакстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын прокуратураларынын жетекчилери, ошондой эле ШОС диалогу боюнча шериктештер (Азербайжан Лаос, Мальдив, Монголия, Сауд Арабиясы,Түркия жана Шри-Ланка), байкоочу өлкөлөр катышты.


Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды