Адылбек Касымалиев Шавкат Мирзиёев менен жолукту

Адылбек Касымалиев Шавкат Мирзиёев менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоп, Кыргызстан Өзбекстан менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. 

Ал ошондой эле, Ташкент инвестициялык эл аралык форуму аймактагы инвестициялык кызматташуу тармагындагы негизги иш-чарага айланып, аймактын бизнес-коомчулугуна жана көптөгөн эл аралык өнөктөштөргө байланыштарды орнотуу үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын, бул аракеттердин баары Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга алып келээрине ишенээрин билдирди.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлор жана демилгелер жигердүү илгериленип, аймактар аралык кызматташуу өнүгүп, тиешелүү “жол карталарында” бекитилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары жолугушууда үстүбүздөгү жылга жогорку деңгээлде эки тараптуу жолугушуулар, иш-чаралар, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын катышуусунда көп тараптуу маанилүү окуялар белгиленгенин, аларды уюштуруп өткөрүүгө кыргыз тарап активдүү даярдыктарды көрүп жатканы жана анын алкагында бир катар документтерге кол коюлаары айтылды. 

Белгилей кетсек, эки тараптуу жолугушуу Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун алкагында өткөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media
Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media