БУУ менен адам укуктары боюнча өнөктөштүк талкууланды

БУУ менен адам укуктары боюнча өнөктөштүк талкууланды

17-июнда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлүнүн милдетин аткаруучу Эннио Боати менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда адам укуктарын коргоо, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, гендердик теңчилик жана мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Жылдыз Таалайбек кызы адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди коргоо Кыргызстандын ички жана тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Ал өлкө БУУ алдындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарып, адам укуктары боюнча улуттук баяндамаларды үзгүлтүксүз тапшырып келерин айтты.

Ошондой эле жемкорлукка жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, мамлекеттик органдардын ачыктыгын камсыз кылуу, жарандык коомду өнүктүрүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Эннио Боати Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, бул өлкө үчүн чоң жоопкерчилик экенин белгиледи. Ал ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатындагы кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар адам укуктары боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана консультациялык жолугушууларды өткөрүү маселелерин да талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Акча адалдоого байланышкан компанияларга айып салуу каралууда

Акча адалдоого байланышкан компанияларга айып салуу каралууда

Финансы министрлиги кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюуну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Анда айып пулдун өлчөмү компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер

Ишкер Media
Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдады. Билдирүүгө караганда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык,  маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Төрага Маматалиев Түркия менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, алакаларды

Ишкер Media
Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткен районунда калкты көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 19 көмүр сатуу түйүнү уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө көмүрдүн килограммы 9–10 сомдон сатылууда. Ал эми калктын керектөөсүн камсыздоо үчүн кампаларда жалпы 215 тонна көмүрдүн запасы бар. Мекеме учурда район аймагында көмүр тартыштыгы жоктугун

Ишкер Media
Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media