Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдады.

Билдирүүгө караганда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык,  маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Төрага Маматалиев Түркия менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, алакаларды арттыруу жаатындагы ойлору менен бөлүштү. 

Өз кезегинде Нуман Куртулмуш эки өлкө башчыларынын тыгыз алакасын парламенттик деңгээлде да жигердүү улантуу керектигин айтып, Жогорку Кеңештин төрагасын Түркияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. 

Ошондой эле жолугушууда тараптар билим берүү тармагындагы байланыштарды бекемдөө боюнча сунуш-пикирлерин ортого салышты. 

Белгилей өтсөк, жолугушуу Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулган.

Мындан тышкары окуңуз

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media
Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат. Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча: • Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн

Ишкер Media