Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан.

Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду аягына чыгара албай калып, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген. Ошол эле учурда анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин этап-этабы менен кайтарылат. Учурда Президенттин Иш башкармалыгы базарды ачууга даярдык көрүү иштерин аяктап жатат.

Мамлекет башчысы жаңы базардагы соода түйүндөрүн көрүп чыкты. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объект өрт коопсуздугу жана санитардык талаптарга жооп берерин, ачууга даярдалып жатканын маалымдады.

Ишкерлер өздөрүн тынчсыздандырган маселелерди айтып, ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүштү. Алар көйгөйлөрүнө көңүл бурганы үчүн Президентке ыраазычылык билдиришти.

Андан соң Президент август айынын аягында өрт чыккан эски “Мадина” базарына барды. Ал жерде да соодагерлер менен баарлашып, жабыркагандарга компенсация эски “Мадина” базары жайгашкан жер тилкесинин ээсинин эсебинен төлөнөрү белгилүү болду.

Жаңы базардын администрациясынын маалыматына ылайык, соодагерлердин 90 пайызга жакыны жаңы соода орундарына көчүп барган.

Президент Садыр Жапаров Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге базарды ачууга даярдык көрүү боюнча бардык иштерди аяктоону, соодагерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ноябрь айынын башына чейин жаңы “Мадина” базары толугу менен ишке даяр болуп, штаттык режимде иштеши керектигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media
15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран Молдовадан экстрадицияланды

15 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран Молдовадан экстрадицияланды

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн жаран Молдовадан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, А.Р. аттуу жаран Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Молдованын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун натыйжасында өлкөгө кайтарылган. Учурда ал тергөө абагына киргизилди. Тергөө версиясына ылайык, шектүү жарандардын ишенимине кирип, автоунааларды алып берүү

Ишкер Media