Камчыбек Ташиевдин күйөө баласы кармалды
УКМКнын мурдагы кызматкери Азамат Дыйканбаев кармалып, камакка алынды.
Аскер прокуратурасынын маалыматына таянсак, Д. А. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4.4 бөлүгү ("Кызмат абалынан пайдалануу менен алдамчылык кылуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Маалыматка ылайык, ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы, тагыраагы, күйөө баласы экени айтылууда. Азамат Дыйканбаев Манас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул иш боюнча тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Азамат Дыйканбаев мурда УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгында иштеген.