Ак-Суу районунун акиминин мурдагы орун басары кармалды

Ак-Суу районунун акиминин мурдагы орун басары кармалды

УКМК тарабынан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында кум-шагыл аралашмасын жана кумдуу чопону казып алууга күбөлүктөрдү берүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.

Маалыматка таянсак, айрым кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. Аталган күбөлүктөрдүн негизинде жер казынасын пайдаланууга уруксат берүүчү документтер таризделген. 

Мындан тышкары, пайдалуу кендерди казып алуу иштерин жүргүзүүдө берилген тоо-кен тилкелеринин чегинен чыгып кетүү фактылары аныкталып, натыйжада жердин түшүмдүү катмарына зыян келтирилген. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке 14,2 миллион сомдон ашык өлчөмдө зыян келтирилген. Кылмыш ишинин алкагында күбөлүктү мыйзамсыз берүү фактысына тиешеси бар деп шектелген Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы биринчи орун басары Д.М. кармалды. 

Учурда тергөө иштери улантылып жатат. Иштин бардык жагдайлары, ага тиешеси бар башка адамдар жана келтирилген зыяндын так өлчөмү аныкталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media