Абдупата Маткаликов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мүчөсү болду
Манас шаарынын мурдагы мэри Абдупата Маткаликов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин курамына кирди.
Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети колдоду.
Абдупата Маткаликов Манас шаарынын мэри болуп төрт ай иштегенден кийин президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулду.
Ал мэрлик кызматка 2026-жылдын 20-февралында дайындалган.