Президент дипломаттарга жана авиаторлорго сыйлык тапшырды

Президент дипломаттарга жана авиаторлорго сыйлык тапшырды

Президент Садыр Жапаров 22-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө олуттуу салым кошкон дипломаттарды жана авиаторлорду сыйлады.

Президент иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан өзүнүн эгемендик тарыхындагы таасирдүү дипломатиялык жеңиштерди камсыздап, эл аралык коомчулуктун кызыгуусун арттырган тарыхый окуяны жаратканын баса белгиледи.

Маалым болгондой, 3-июнда Нью-Йоркто өткөн шайлоодо Кыргызстан биринчи жолу 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Ага удаа эле 20 жылдык чектөөдөн кийин Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча тизмесинен, башкача айтканда, ЕБ “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылды.

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына кошкон олуттуу салымы, эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү боюнча натыйжалуу иши үчүн сыйланат:

III даражадагы "Манас" ордени менен

Жээнбек Кулубаев – Тышкы иштер министри;

“Даңк” ордени менен:

Асеин Исаев – Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Аида Касымалиева– Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлү;

“Ардак” медалы менен:

Мухамед Лоу – Кыргызстандын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы элчилигинин кеӊешчиси;

Адылбек Тултемиров  – Кыргызстандын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

Медер Өтөбаев – Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, бир катар адамдарга сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media