Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды
15-июнда Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан маалымдашты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кубанычбек Конгантиевди март айында кармап, Ленин райондук соту аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдаланып, жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп айыпталган.