Нурлан Мотуев каза болду
Саясатчы, коомдук ишмер, Нурлан Мотуев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү Нурлан Мотуев катуу ооруп жүргөндүгү кабарланган.
Мотуев 2005-жылдагы бийлик алмашуу окуяларына жигердүү катышып, ошондон тарта саясатта өзүнүн оюн ачык билдирип келген.
Нурлан Мотуев 1969-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган.