Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

1-июлда президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Малик Бектургановго башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы дайындалган жетекчини Башкы прокуратуранын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда А.Касымалиев, М. Бектургановдун укук коргоо органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгек жолуна токтолуп, анын жогорку кесипкөйлүгүн, башкаруучулук тажрыйбасын жана прокуратура органдарындагы жооптуу кызматтарда топтогон бай иш тажрыйбасын белгиледи. Бул дайындоо мыйзамдуулукту чыңдоого, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону күчөтүүгө, ошондой эле прокуратура органдарынын ишинин натыйжалуулугун мындан ары дагы жогорулатууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Өз сөзүндө М.Бектурганов ага көрсөтүлгөн жогорку ишеним үчүн А.Касымалиевге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу, жарандардын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоо, прокуратура органдарынын алдында турган милдеттерди так жана жоопкерчиликтүү аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media