Агартуу министринин орун басары болуп Виктория Мозгачева дайындалды
Альберт Махметкулов Агартуу министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Махметкулов бул кызматка 2025-жылдын июль айында дайындалган. Махметкуловдун ордуна Виктория Мозгачева Агартуу мнистринин орун басары болуп дайындалды.
Мозгачева буга чейин Бишкектин вице-мэри болуп иштеген.