Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып, 40 миң сомдон 150 миң сомго чейинки акчалай сый акы үчүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланганы акыталды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, "Айдоочулук курамдын реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына архивдик документтерге туура келбеген маалыматтарды санариптештирүү жолу менен билип туруп жалган маалыматтарды киргизип келишкени белгилүү болгон.

Кийинчерээк киргизилген маалыматтар "Түндүк" маалыматтык системасында чагылдырылып, анын негизинде кызыкдар жарандар иш жүзүндө мурда ээ болбогон документтерин жоготкондугу тууралуу арыз жазуу аркылуу айдоочулук күбөлүктөрдү (пластикалык карталарды) алышкан.

Мындан тышкары, теориялык экзамендерди бир нече жолу тапшырууга аракет кылып, бирок ийгиликсиз болгон, ошондой эле автомектепти аяктагандыгы тууралуу аттестаты жок адамдарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүү фактылары аныкталды.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен бөлүмүнүн кызматкери А.у.Н. жана ортомчу катары иш алып барган А.С.С. кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмыштуу схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media