Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана агенттиктин өкүлдөрү, машыктыруучулар, жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.

Эске салсак, Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы ХХ Азия оюндарынын алкагында өлкө намысын коргоп, улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңген.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жана саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу маанилүү экенин белгилешти. Кыргыз тарап тышкы саясат мекемелери ортосунда биринчи саясий консультацияларды өткөрүүнү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү

Ишкер Media
Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media