Кыргызстанда экологиялык коопсуздук боюнча жаңы чаралар кабыл алынды

Кыргызстанда экологиялык коопсуздук боюнча жаңы чаралар кабыл алынды

Министрлер кабинети өлкөнүн химиялык жана экологиялык коопсуздугун чыңдоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана калктын ден соолугун сактоо багытындагы эки документти кабыл алды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Алардын бири — 2026–2030-жылдарга Туруктуу органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвенциясын аткаруу боюнча иш-аракеттер планы. Аталган план Министрлер кабинетинин 24-июлдагы №562-т тескемеси менен бекитилди.

Документ туруктуу органикалык булгоочу заттардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга, аларды экологиялык жактан коопсуз башкарууга, мамлекеттик көзөмөлдү жана мониторингди күчөтүүгө багытталган.

Экинчи документ — 2026–2030-жылдарга химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук боюнча Улуттук иш-аракеттер планы. Бул план өкмөттүн №474-т тескемеси менен бекитилди.

Аталган документ химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук тобокелдиктерди азайтуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларга даярдыкты жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул документтердин алкагында мамлекеттик органдар, эл аралык өнөктөштөр, илимий мекемелер жана жарандык коом менен биргеликте иш алып барып, белгиленген чаралардын сапаттуу аткарылышын камсыздайт.

Бул чечимдер Кыргызстандын экологиялык коопсуздугун чыңдоого, химиялык заттарды жана калдыктарды коопсуз башкаруу системасын жакшыртууга, ошондой эле калктын ден соолугун коргоого багытталган маанилүү кадам экени белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү

“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү

Түркия Республикасынын Измир шаарында “COP31ге карай: “суу – азык-түлүк – климат” өз ара байланышын практикалык ишке ашыруу” аттуу аймактык семинар болуп, ага КРнын  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү катышышты. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев катышып, өлкөлүк тегерек

Ишкер Media
Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады

Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады

Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча макулдашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылдын 15–17-сентябрында Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн делегациялары Макулдашуунун жана аны ишке ашырууга байланыштуу Административдик макулдашуунун долбоорлорун талкуулоону аякташты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө: -        макулдашуунун колдонуу чөйрөсү жана

Ишкер Media
Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

2026-жылга белгиленген электромобилдерди алымсыз алып кирүү квотасы аяктап баратат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады. 2026-жылга Евразия экономикалык бирлигинин ТЭИ ТН коддору 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 боюнча 25 миң электромобилге жеңилдик берилген. Маалыматка ылайык, квотанын калган көлөмү тууралуу маалымат МБКнын customs.kg сайтында

Ишкер Media
Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алды

Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алды

Яндекс Кыргызстан ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Ишкерлер күнүнүн урматына карата уюштурулуп, ардак грамотаны КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Яндекс Кыргызстандын GR-директору Азамат Буржуевге тапшырды. Ишкерлерге кайрылган сөзүндө Беназир Нурланова бизнес-сектордун маанилүүлүгүн

Ишкер Media