“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү
Түркия Республикасынын Измир шаарында “COP31ге карай: “суу – азык-түлүк – климат” өз ара байланышын практикалык ишке ашыруу” аттуу аймактык семинар болуп, ага КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү катышышты.
Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев катышып, өлкөлүк тегерек столдо сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө Дүйшеев - Кыргызстан үчүн суу ресурстары, азык-түлүк коопсуздугу жана климаттын өзгөрүшү бири-бири менен тыгыз байланышта экенин белгилеп, өзгөчө айыл чарбасынын суу ресурстарына жана климаттык шарттарга көз карандылыгы жогору экенине токтолду.
Иш-чарада 2025–2030-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасынын маанилүүлүгү белгиленип, азык-түлүк системаларын туруктуу өнүктүрүү, илимий базаны чыңдоо жана тармактар аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн климаттын өзгөрүшүнө байланышкан жалпы чакырыктарды биргелешип чечүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди.