Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

2026-жылга белгиленген электромобилдерди алымсыз алып кирүү квотасы аяктап баратат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады.

2026-жылга Евразия экономикалык бирлигинин ТЭИ ТН коддору 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 боюнча 25 миң электромобилге жеңилдик берилген.

Маалыматка ылайык, квотанын калган көлөмү тууралуу маалымат МБКнын customs.kg сайтында онлайн түрдө жаңыланып турат. Ар бир бажылык тариздөөдөн кийин эсептегич автоматтык түрдө өзгөрөт.

Квота толук пайдаланылгандан кийин электромобилдерди алып кирүүдө ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык бажы наркынын 15% өлчөмүндө алым алына баштайт.

Бажы кызматы электромобиль алып кирүүнү пландаган жарандарга квотанын абалын расмий сайттан көзөмөлдөп турууну сунуштады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)

2027-жылдын бюджетинде кайсы тармактарга канча каражат каралды?

Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды