Садыр Жапаров Астанада өтө турган эл аралык мелдештин ачылыш аземине катышат

Садыр Жапаров Астанада өтө турган эл аралык мелдештин ачылыш аземине катышат

Президент Садыр Жапаров 29-июлда Казакстанга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти.

Мамлекет башчысын Астана шаарынын эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка өкүлдөр тосуп алышты.

Сапардын алкагында өлкө башчысы Садыр Жапаров эл аралык “Келечек оюндары – 2026”мелдешинин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле мелдештер өтө турган спорттук жайларды кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышат.

Белгилей кетсек, “Келечек оюндары” – салттуу спорт менен заманбап технологияларды айкалыштырган эл аралык көп спорттук мелдеш болуп саналат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media