Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү
Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр.
Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс, китепкана, практикалык сабактар үчүн жайлар, жыйындар залы жана сахна бар.
Объект республикалык бюджеттен каржыланды. Учурда пайдаланууга берүүгө даярдык көрүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу