Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити.
Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды.
Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат жана малды көбөйтүү үчүн ресурстар бар экенин, аларды натыйжалуу пайдалануу менен сапатты жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Тараптар жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малдарды алып келүү, багуу шарттарын түзүү, ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу, тоют базасын өнүктүрүү жана адистерди даярдоо маселелерин сүйлөштү.
Жыйынтыгында долбоорду биргелешип иштеп чыгуу жана кызматташтыкты улантуу макулдашылды.