Жээнбек Кулубаев АКШнын өкүлү менен санкция жана виза маселелерин талкуулады

Жээнбек Кулубаев АКШнын өкүлү менен санкция жана виза маселелерин талкуулады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капурду кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн мамилелеринин учурдагы абалын жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле санкция маселелери, визалык жол-жоболор жана визалык кепилдик төлөмдөрүн киргизүүгө байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Америкалык тарап эл аралык жана аймактык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда алдыдагы байланыштарды жана эки тараптуу иш-чаралардын тартибин талкуулашты. Ошондой эле саясий диалогду улантып, кыргыз-америка мамилелерин мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин ырасташты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн прокуратураларынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн прокуратураларынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу М.М. Бектурганов КМШга катышкан мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин Аткаруу катчысы Ю.Н. Жданов менен жолугушту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда КМШ өлкөлөрүнүн прокуратура органдарынын өз ара кызматташуусун өнүктүрүү, эл аралык укуктук байланыштарды чыңдоо жана Координациялык кеңештин алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери

Кыргызстан менен ЕАӨБ биргелешкен долбоорлорду каржылоону кеңейтет

Кыргызстан менен ЕАӨБ биргелешкен долбоорлорду каржылоону кеңейтет

Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну күчөтөт. Тараптар бул боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Документтин алкагында экономиканы, инфраструктураны өнүктүрүү, ишкерликти колдоо жана инвестиция тартуу багытындагы долбоорлорду биргелешип даярдоо жана ишке ашыруу каралган. Меморандумга Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Эмил Такырбашев жана

Бишкекте тротуарды бузган курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилди

Бишкекте тротуарды бузган курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилди

Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинде жөө адамдар өтүүчү тротуардын бузулушу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө жер казуу иштеринен улам тротуар бузулуп, айрым жерлеринде жаракалар пайда болгону аныкталды. Ошондой эле көрктөндүрүү, коопсуздук жана курулуш талаптары сакталган эмес. Мындан

Алайда дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин кимдер экени такталды

Алайда дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин кимдер экени такталды

Алай районундагы Корумду чокусуна чыгып, дайынсыз болуп жаткан үч альпинисттин аты-жөнү белгилүү болду. Алар тууралуу издөө иштерине каражат чогултуу үчүн ачылган сайтта жарыяланган. Маалыматка ылайык, альпинисттер 1-августта толук курамда Корумду чокусуна чыгып, акыркы жолу 2-августта байланышышкан. Ал эми 4-августта аларды күтүп турган унаага келишкен эмес. Дайынсыз