Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды
Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Бишкек шаардык экологиялык прокуратуранын көрсөтмөсү менен текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы курорттук-рекреациялык объектилер, конок үйлөр жана туристтик жайлар пландан тышкары текшерилди.
Жыйынтыгында 32 объект шаар куруу мыйзамдарын бузуу менен салынганы аныкталды.
Мыйзам бузууларды жоюу боюнча актылар түзүлүп, жалпы 2 млн 420 миң сом айып пул салынды.