Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди
Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы бала бакчаны текшерди. Бул тууралуу Курулуш министирлиги билдирди.
Маалымдалгандай, объекттин курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылы токтоп калган.
Адистер имараттын долбоордук документтерин карап чыгып, конструкцияларына инженердик-техникалык талдоо жүргүзүп, өлчөөлөрдү алды.
Жыйынтыгында техникалык абал боюнча корутунду даярдалып, аныкталган кемчиликтер көрсөтүлдү жана конструкцияларды бекемдөө боюнча сунуштар берилди.