Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча брифинг өттү

Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча брифинг өттү

10-августта Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө арналган эксперттик брифинг өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Иш-чарада ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун сунуштары, эл аралык стандарттар жана аларды ишке ашыруу механизмдери талкууланды.

Анда шайлоонун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, каржылык маслелер, санариптик технологияларды колдонуу жана комиссиялардын ишин жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү эл аралык шайлоо стандарттары жана байкоо жүргүзүү ыкмасы тууралуу маалымат жана сунуштарды беришти.

Талкууда саясий жемкорлукту азайтуу жана шайлоону каржылоо тартибин күчөтүү маселелерине да көңүл бурулду.

Ошондой эле көп мандаттуу шайлоо округдарын киргизүү, гендердик квотаны сактоо жана аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча пикирлер айтылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун

Пенсияны жогорулатууга 4,4 млрд сом каралды

Пенсияны жогорулатууга 4,4 млрд сом каралды

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланып, минималдуу пенсия 8 800 сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Бул чара президенттин 2026-жылдын 10-августундагы №278 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, пенсияларды индексациялоо коэффициенти пенсионерлерди кошумча колдоо максатында 1,20 өлчөмүндө белгиленди. Пенсиянын көбөйүшү

Манас шаарындагы бир катар бала бакчалар оңдолуп жатат

Манас шаарындагы бир катар бала бакчалар оңдолуп жатат

Манас шаарында бир катар мектепке чейинки билим берүү мекемелери оңдолуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине республикалык казынадан каражат бөлүнгөн. Учурда №2 "Дружба" бала бакчасында терезе жана эшиктер алмаштырылып, ашканасы оңдолууда. Ал эми №12 "Жылмаюу" бала бакчасында жылытуу тутуму