Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

БШК бүгүнкү жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКсын аныктады. Бул тууралуу комитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын которууга уруксат берилди.

Мыйзамга ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү.

Фонд төмөнкү булактардан түзүлөт:

• талапкердин, партиянын өздүк каражаттары;

• жарандар жана юр. жактардын ыктыярдуу салымдары.

Каражаттар БШК аныктаган банктардагы атайын эсепке которулат. Накталай эмес төлөм же касса аркылуу накталай түрдө киргизилет. Анонимдүү салымдарга тыюу салынат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте "Асман Резиденс-1" турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабралды. Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнө - УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, ИИМ, Чек ара кызматы, ЖАМК жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө "Менин үйүм" программасы аркылуу берилди. Президент белгилегендей, жыл аягына

Ишкер Media
Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасында болуп, түшүм жыйноо жана күздүк себүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайк, быйыл ишкана 64,7 тонна буудай, 24,6 тонна арпа жыйнады. Жалпы түшүм - 89,3 тонна. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды.

Ишкер Media
Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media
"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Текшерүүдө ишкананын автотранспортторунун техникалык абалы жана атмосферага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү көзөмөлгө алынды. Маалыматка ылайык, жыйынтыгында эки автоунаадан белгиленген ченемден ашык түтүн чыкканы аныкталды.

Ишкер Media