Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад аль-Касиминин сапарында көтөрүлгөн.

Долбоор ишке ашып, 2026-жылдын башында бөлүмгө жалпы 68 млн 144 миң 792 сомдук жабдуу жеткирилип орнотулду.Берилген жабдуулардын катарында тонометр, периметр, Meridian MKQ SLT лазердик системасы, томограф, операциялык микроскоп, фундус-камера, УЗИ аппараты, биометр жана катарактага каршы аппараттар бар.

Улуттук госпиталдын маалыматы боюнча, азыр бөлүмдө жылына 1 500 - 1 800 операция жасалат. Жаңы жабдуулар менен бул көрсөткүчтү 3 000 - 3 500гө чейин жеткирүүгө болот.

Мындан тышкары, кызматташтыктын алкагында Аламүдүн районунун Октябрь айылында 23 млн 636 миң 841 сомго үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулуп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

БШК бүгүнкү жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКсын аныктады. Бул тууралуу комитеттен билдиришти. Маалым болгондой, аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын которууга уруксат берилди.

Ишкер Media
"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Текшерүүдө ишкананын автотранспортторунун техникалык абалы жана атмосферага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү көзөмөлгө алынды. Маалыматка ылайык, жыйынтыгында эки автоунаадан белгиленген ченемден ашык түтүн чыкканы аныкталды.

Ишкер Media
Араванда пахта терүү башталды

Араванда пахта терүү башталды

Ош облусунун Араван районунда пахта жыйноо башталды. Быйыл райондо 1 252 гектарга пахта айдалган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Дыйкандардын маалыматына ылайык, быйыл түшүм мол болуп, гектарынан 60–70 центнерге чейин түшүм алынууда. Райондо негизинен кытайлык "Элита" сорту өстүрүлүүдө. Пахта өндүрүүдө тамчылатып сугаруу сыяктуу сууну үнөмдөөчү технологиялар

Ишкер Media
“Элдик Банк” жана “АБанк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуучу банк болуп аныкталды

“Элдик Банк” жана “АБанк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуучу банк болуп аныкталды

Бүгүн, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 2027-жылдын 27-январына дайындалган КРнын Президентин кезектеги шайлоого катышып жаткан талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “Элдик Банк” менен “АБанк” ачык акционердик коомдорун аныктады. Аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин шайлоо фонддоруна

Ишкер Media