Кыргыз-кытай өткөрмө пункттары жаатында талкуу өттү

Кыргыз-кытай өткөрмө пункттары жаатында талкуу өттү

14-августта Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Кытай тараптан Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын, Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук иммиграция кызматынын, Транспорт министрлигинин жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Макулдашуунун долбоорунда өткөрмө пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу боюнча кыргыз-кытай комитетин жана айрым өткөрмө пункттары боюнча жумушчу топторду түзүү каралган. Бул эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүүгө жана өткөрмө пункттарынын иштешине байланышкан практикалык маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет.
Макулдашуунун долбооруна парафирлөө кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөдө жана эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.

Макулдашууга кол коюу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында, Шанхай кызматташтык уюмунун (саммитине байланыштуу иш-чаралардын жүрүшүндө өткөрүлүшү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң  $ ашык каражат салат

РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң $ ашык каражат салат

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстанда заманбап изоляциялык жана полимердик материалдарды өндүрүүнү кеңейтүү долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү. Долбоордун биринчи этабын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачкан. Экинчи этаптын алкагында РКӨФ - 800 миң $ ашык инвестиция салат. Долбоорго жалпы инвестициянын көлөмү

Ишкер Media
Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Американын Лос-Анжелес шаарына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, сапардын максаты - Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышуу. Спутник SpaceX компаниясынын ракетасы менен орбитага чыгарылат. Мамлекет башчысын аэропорттон SpaceXтин глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media
АИ-92га субсидия: бир айдоочу айына 4632 сом үнөмдөйт

АИ-92га субсидия: бир айдоочу айына 4632 сом үнөмдөйт

Монополияга каршы кызмат АИ-92 бензинине берилген субсидиянын эсебин чыгарды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Учурда субсидия - АИ-92 - литрине 30,88 сом, дизель - литрине 42,27 сом, автогаз - литрине 5,38 сом. Өлкөдө 1,5 млн унаа катталган, анын 1,2 млн жеңил, 300 миңи жүк ташуучу.

Ишкер Media
"Кантта" 3,2 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

"Кантта" 3,2 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

"Түндүк-Чыгыш" бажысы "Кант" бекетинде Европадан алып келинген эки жүк ташуучу унаа боюнча мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Volvo FH жана DAF XF 480 унаалары документтерде алардын чыгарылган жылы так көрсөтүлгөн эмес. Экспертиза көрсөткөндөй: • Volvo FH - 2019-жылдын январь айында чыгарылган,

Ишкер Media