"Кантта" 3,2 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

"Кантта" 3,2 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды

"Түндүк-Чыгыш" бажысы "Кант" бекетинде Европадан алып келинген эки жүк ташуучу унаа боюнча мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Volvo FH жана DAF XF 480 унаалары документтерде алардын чыгарылган жылы так көрсөтүлгөн эмес.

Экспертиза көрсөткөндөй:

• Volvo FH - 2019-жылдын январь айында чыгарылган, кыймылдаткычы 12 800 см³

• DAF XF 480 - 2019-жылдын 15-21-июлунда чыгарылган, кыймылдаткычы 12 900 см³

Эки унаа боюнча төлөнбөй калган бажы төлөмү 3 млн 253 миң 354 сомду түзгөн.

Материалдар Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп, мамлекетке келтирилген зыян толугу менен бюджетке өндүрүлдү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды