РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң $ ашык каражат салат

РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң  $ ашык каражат салат

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстанда заманбап изоляциялык жана полимердик материалдарды өндүрүүнү кеңейтүү долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Долбоордун биринчи этабын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачкан. Экинчи этаптын алкагында РКӨФ - 800 миң $ ашык инвестиция салат. Долбоорго жалпы инвестициянын көлөмү - 1,4 млн $ ашат.

Каржылоо иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүүгө жана анын кубаттуулугун жогорулатууга багытталат.

Ишкана жылуулук жана гидроизоляциялык материалдарды, желим курамдарды жана куюучу системаларды чыгарат. Негизги продукцияларынын бири — пенополиуретан. Новиковдун маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда бул продукциянын аналогун чыгарган өндүрүш жок.

Кыргыз-германиялык бренд Штутгарттагы адистештирилген лаборатория менен кызматташып, продукциянын сапатын лабораториялык көзөмөлдөн өткөрөт жана өзүнүн иштеп чыгууларын жүргүзөт. Компаниянын продукциясы Россия Федерациясында сертификатталган.

Новиковдун айтымында, өткөн жылы РКӨФ Кыргызстандын химия өнөр жайынын келечегине байланыштуу кеңири изилдөө жүргүзгөн. Мындай долбоорлорду колдоо аталган изилдөөнүн практикалык багыттарын ишке ашыруунун кадамдарынын бири болуп саналат.

Учурда фонд илимди көп талап кылган заманбап тармактарды, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүнү өнүктүрүүгө көңүл буруп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media