Бишкекте ТүркПАнын кезектеги жыйыны өтүп жатат

Бишкекте ТүркПАнын кезектеги жыйыны өтүп жатат

Бүгүн Бишкек шаарындагы “Ырыс-Ордо” конгресс-холунда Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындары башталды. Алгач мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери Ассамблеянын Кеңешинин отурумуна чогулуп, төрагалыкты өткөрүп берүү аземи өттү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда,  Ассамблеяга төрагалык кылуу кезеги Казакстандан - Кыргызстанга берилип, коңшу өлкөнүн Курултайынын Төрагасы Айбек Дадебай Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевге символикалык балканы тапшырды.

Кеңештин жыйыны кыргыз тараптын төрагалыгында уланып, Марлен Маматалиев алдыда жасала турган иштер тууралуу кеңири баяндама жасады.

“Дүйнөдө геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөр тездеп, транспорттук коридорлордун, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугунун мааниси артууда. Мындай шартта түрк мамлекеттеринин өз ара ишенимге жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген кызматташтыгын өнүктүрүү зарыл”, – деди Марлен Маматалиев өз сөзүндө.

Ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн парламент жетекчилери да сөз сүйлөп, кызматташтыкты арттыруу жаатындагы сунуштарын айтышты. Мындан сырткары ХV пленардык жыйынын күн тартибине киргизилген маселелер талкууланды.

Кеңештин отурумуна - Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын Курултайынын Төрагасы Айбек Дадебай жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Сузактагы 21 километр унаа жолго асфальт төшөлүүдө

Сузактагы 21 километр унаа жолго асфальт төшөлүүдө

Сузак районундагы Каду айылына чейинки унаажолду оңдоо жана асфальттоо иштери уланууда. Бул тууралуу 20-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, учурда унаа жолдун 8-километринен 29-километрине чейинки 21 километр аралыгында иштер жүргүзүлүүдө. Анын ичинен 16 километр жолго асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери аяктоо алдында турат. Ал эми

Ишкер Media
Президент Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымын кабыл алды

Президент Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарованы кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдирди. Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорттук тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жапаров ушул жылдын июль айында Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин

Ишкер Media
Чет өлкөгө жумушка орноштурган мыйзамсыз баракчалар аныкталды

Чет өлкөгө жумушка орноштурган мыйзамсыз баракчалар аныкталды

Кыргызстанда чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча уруксаты жок иш алып барган Instagram аккаунттар аныкталды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, министрликке караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында 5 баракчанын мыйзамсыз жарнама таратканы аныкталган. Алар: • lavorokg • nurpaiz_job • siu_visa • visa_hub.kg • spekup.kg Аталган

Ишкер Media
ИИМ: Банк картасын үчүнчү жактарга берүүгө болбойт

ИИМ: Банк картасын үчүнчү жактарга берүүгө болбойт

Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын үчүнчү жактарга берүүдөн жана башка адамдардын акчасын сый акы үчүн которуудан сак болууга чакырды. Мындай аракеттер жарандарды мыйзамсыз акча жүгүртүүгө байланышкан кылмыштуу схемаларга аралаштырышы мүмкүн. "Башка адамдардын акча которууларын жүргүзүү үчүн банк карталарын же эсептерин берген адамдар «дропперлер» деп аталат жана кылмыш жоопкерчилигине

Ишкер Media