Президент Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарованы кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорттук тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Жапаров ушул жылдын июль айында Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлган Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимди ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Өз кезегинде Гафарова эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүп жатканын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.