Чет өлкөгө жумушка орноштурган мыйзамсыз баракчалар аныкталды

Чет өлкөгө жумушка орноштурган мыйзамсыз баракчалар аныкталды

Кыргызстанда чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча уруксаты жок иш алып барган Instagram аккаунттар аныкталды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрликке караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында 5 баракчанын мыйзамсыз жарнама таратканы аныкталган.

Алар:

• lavorokg
• nurpaiz_job
• siu_visa
• visa_hub.kg
• spekup.kg

Аталган аккаунттар тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп, жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштурууну сунушташкан.

Учурда бардык материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Борбор жарандарды алданып калбоого чакырып, чет өлкөгө жумушка чыгаар алдында агенттиктин мыйзамдуулугун migrant.kg сайтынан текшерип алууну эскертет. Мыйзамсыз агенттиктер жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Алдамчылыкка кабылгандар 1899 кыска номерине же press@migrant.kg дарегине кайрылса болот.

Мындан тышкары окуңуз

"Нелегал" рейдинде 13,4 млн сомдон ашык айып пул салынды

"Нелегал" рейдинде 13,4 млн сомдон ашык айып пул салынды

2026-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин Кыргызстанда миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Нелегал" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалым болгондой, иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулду. Рейддин

Ишкер Media
Сузактагы 21 километр унаа жолго асфальт төшөлүүдө

Сузактагы 21 километр унаа жолго асфальт төшөлүүдө

Сузак районундагы Каду айылына чейинки унаажолду оңдоо жана асфальттоо иштери уланууда. Бул тууралуу 20-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, учурда унаа жолдун 8-километринен 29-километрине чейинки 21 километр аралыгында иштер жүргүзүлүүдө. Анын ичинен 16 километр жолго асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери аяктоо алдында турат. Ал эми

Ишкер Media
Президент Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымын кабыл алды

Президент Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарованы кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдирди. Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорттук тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жапаров ушул жылдын июль айында Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин

Ишкер Media
ИИМ: Банк картасын үчүнчү жактарга берүүгө болбойт

ИИМ: Банк картасын үчүнчү жактарга берүүгө болбойт

Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын үчүнчү жактарга берүүдөн жана башка адамдардын акчасын сый акы үчүн которуудан сак болууга чакырды. Мындай аракеттер жарандарды мыйзамсыз акча жүгүртүүгө байланышкан кылмыштуу схемаларга аралаштырышы мүмкүн. "Башка адамдардын акча которууларын жүргүзүү үчүн банк карталарын же эсептерин берген адамдар «дропперлер» деп аталат жана кылмыш жоопкерчилигине

Ишкер Media