Президент бүгүн иш сапар менен Жалал-Абадга барат
Бүгүн, 22-октябрда президент Садыр Жапаров иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Айтымында, мамлекет башчысы райондордун эли менен жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой эле президент жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат.