Айгүл Жапарова: "Өлкөдө балдар онкологиясын каржылоо 200 эсеге өстү"
Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова 21-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салууга арналган Дүйнөлүк саммитке катышты. Бул тууралуу биринчи айымдын Фейсбук соцтармагындагы баракчасына жарыяланды.
Саммиттин алкагында балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресс да уюштурулду.
Айгүл Жапарова өз сөзүндө Кыргызстанда балдар онкологиясына өзгөчө көңүл бурулуп, акыркы жылдары бул багыттагы мүмкүнчүлүктөр кеңейгенин белгиледи.
"Балдар онкологиясын каржылоо эки жүз эсеге өстү. Бирок биз үчүн бөлүнгөн каражат эмес, анын натыйжасында келип чыгуучу реалдуу өзгөрүүлөр маанилүү. Бүгүн борбор шаарыбыз Бишкекте жана экинчи чоң шаарыбыз Ошто дарылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, заманбап диагностика жана дарылоо базасы өнүгүүдө, балдар керектүү дары-дармектер менен камсыз болууда", - деди Биринчи айым.
Ал өз сөзүндө онкологиялык илдеттерге каршы күрөш жүрүп жатканы менен, дүйнөлүк коомчулуктун алдында олуттуу чакырыктар дагы деле курч бойдон турганын айтты.
"Тилекке каршы, баланын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү анын кайсы өлкөдө төрөлгөнүнө байланыштуу болуп жатат. Тагыраак айтканда, кирешеси жогору өлкөлөрдө онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын 80 пайыздан ашыгы айыгып кетүүдө. Ал эми кирешеси төмөн же орто болгон өлкөлөрдө бул көрсөткүч кыйла төмөн бойдон калууда. Мындай көрсөткүчтөрдүн артында өз убагында туура диагноз коюу, керектүү дары-дармектерди алуу жана заманбап ыкмалар менен дарылоо, дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана үй-бүлөнүн дарылоо курсун толук алуу көйгөйү турат", - деп белгиледи Айгүл Жапарова.
Ал Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Глобалдык демилгеси 2030-жылга чейин дүйнө жүзүндө онкологиялык ооруларга чалдыккан балдардын кеминде 60 пайызынын өмүрүн сактап калууга жетишүү максатын койгонун эске салды.
Белгиленгендей, саммитке дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү жана бир катар мамлекеттердин биринчи айымдары катышууда.

Саммиттин жыйынтыгында конкреттүү аракеттерге жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чакырган балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу боюнча Самарканд декларациясы кабыл алынат