Бишкектеги төлөм уюмуна 55 миң сом айып салынды
Кыргыз Республикасында кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Бишкектеги төлөм уюмуна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка караганда, төлөм системасынын оператору ички көзөмөл системасын уюштуруу бөлүгүн аткарбагандыгы аныкталган.
Натыйжада уюмга 55 000 сом өлчөмүндө айып салынды.