Президент Сузактын тургундарынын көйгөйлөрүн укту

Президент Сузактын тургундарынын көйгөйлөрүн укту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда Манас шаарынын жана Сузак районунун активи менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдирди.

Анда тургундар актуалдуу социалдык-экономикалык жана жеке маселелер боюнча Мамлекет башчысына түз кайрылышты.

Жолугушуунун катышуучулары турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү, инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, пенсионерлерди жана калктын социалдык жактан аялуу катмарларын колдоо маселелерин талкуулашты.
 
Менчик ээлеринин укуктарын коргоого, курулуш иштерин аяктоого, колдо болгон объектилерди натыйжалуу пайдаланууга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Президент ар бир кайрылууну адилеттүү кароо, мыйзам талаптарын так сактоо жана жарандардын укуктарын негизсиз чектөөгө жол бербөө зарылдыгын баса белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын жетекчилери жоопкерчиликтүү мамиле жасап, калктын кайрылууларына өз убагында жооп кайтаруусу маанилүү экенин айтты.

Ошондой эле социалдык колдоо көрсөтүү, улуу муундун өкүлдөрү үчүн шарттарды түзүү, жумуш орундарын сактоо жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге көмөк көрсөтүү маселелери көтөрүлдү.

Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу изилдеп чыгууну, мыйзам чегинде зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта мамлекеттик ипотека менен 495 батирлүү үйлөр курулууда

Таласта мамлекеттик ипотека менен 495 батирлүү үйлөр курулууда

Талас шаарында мамлекеттик ипотекалык программа менен 9 кабаттуу үйлөр салынууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Бердике баатыр көчөсүндөгү мурдагы автобазанын аймагында 11 блоктон турган 495 батирлүү комплекс курулуп жатат. Учурда курулуштун 50%ы бүттү, 200дөн ашуун жумушчу иштеп жатат. Долбоор 2027-жылдын IV кварталында аяктайт. Батирлер

Ишкер Media
Кыргызстан КМШнын курулуш тармагындагы жыйынына катышты

Кыргызстан КМШнын курулуш тармагындагы жыйынына катышты

Курулуш министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев баштаган делегация 20-октябрда Душанбе шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Курулуш тармагындагы кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин 47-жыйынына катышты. Министрликтин маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө катышуучулар курулуш тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, ченемдик-техникалык базаны өркүндөтүүнү, ошондой эле курулушка заманбап технологияларды киргизүү маселелерин

Ишкер Media
"Кыргыз-Ата" паркында канализация курулушу 95% бүттү

"Кыргыз-Ата" паркында канализация курулушу 95% бүттү

Ош облусунун Ноокат районундагы "Кыргыз-Ата" жаратылыш паркында канализация системасы курулууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалымдалгандай, азыркы учурда негизги иштер - саркынды сууларды тазалоочу курулма жана трассага түтүктөрдү орнотуу толук аяктады. Мурдаш тарабындагы 200 куб метрлик кошумча тазалоочу курулманын курулушу жүрүп жатат. Жалпы курулуштун 95%ы бүттү.

Ишкер Media
Баткендеги рейдде 22 миң сом айып пул салынды

Баткендеги рейдде 22 миң сом айып пул салынды

Баткен районунда автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерге шайкештигин аныктоо максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен бүгүн билдирди. Рейддин жүрүшүндө 20дан ашуун жүк ташуучу жана жеңил унаа текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында айрым транспорт каражаттарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын өлчөмү белгиленген ченемдерден ашканы аныкталды.

Ишкер Media