"Кыргыз-Ата" паркында канализация курулушу 95% бүттү
Ош облусунун Ноокат районундагы "Кыргыз-Ата" жаратылыш паркында канализация системасы курулууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалымдалгандай, азыркы учурда негизги иштер - саркынды сууларды тазалоочу курулма жана трассага түтүктөрдү орнотуу толук аяктады.
Мурдаш тарабындагы 200 куб метрлик кошумча тазалоочу курулманын курулушу жүрүп жатат.
Жалпы курулуштун 95%ы бүттү. Калган иштерди бүткөрүп, ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Долбоор парктын экологиясын жакшыртууга жана эс алуучуларга шарт түзүүгө багытталган.