Кыргызстан КМШнын курулуш тармагындагы жыйынына катышты
Курулуш министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев баштаган делегация 20-октябрда Душанбе шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Курулуш тармагындагы кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин 47-жыйынына катышты.
Министрликтин маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө катышуучулар курулуш тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, ченемдик-техникалык базаны өркүндөтүүнү, ошондой эле курулушка заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.
Кыргызстандын делегациясы отурумда курулуш ченемдерин жаңылоо, заманбап инженердик чечимдерди колдонуу жана сейсмикалык коргоо системаларынын компоненттерин ата мекендик өндүрүштө чыгарууну өнүктүрүү багытындагы тажрыйбасы менен бөлүштү.
