Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды
КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду.
Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу багыттарын өнүктүрүү, медициналык кадрларды даярдоо жана калк үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.
Тараптар кыргызстандык адистердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле түркиялык кесиптештери менен биргеликте окутууларды уюштуруу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Мындан тышкары, "Гамма-бычак" (Gamma Knife) технологиясы боюнча медициналык кадрларды даярдоо жана трансплантология жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды.
"Түрк тарап Кыргызстан тарабынан сунушталган зарыл дары-дармектердин тизмесин карап чыгып, аларды кыйла ыңгайлуу баада жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экенин билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.