Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү
31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү.
Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарган кызматкерлерин сыйлоо аземи да өткөрүлдү.

"Бүгүнкү күндө Бишкекте шаарды көрктөндүрүү багытында чоң иштер аткарылууда. Жаңы фонтандарды куруу иштери июль айында башталып, үч айдын ичинде аларды толук бүтүрүп, ачылышка даярдоого жетиштик", — деп белгиледи шаар башчысы.
Ошондой эле мэр шаардагы тартипти камсыз кылууда Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин салымын өзгөчө белгиледи.
"2026-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин силердин эмгегиңердин аркасында 8 800 мыйзамсыз объект боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Алардын айрымдары демонтаждалса, башкалары мыйзам талаптарына ылайык келтирилди", — деди борбор калаанын мэри.