Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду.

Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты.

"Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар: бак-дарактар сугаруу мүмкүнчүлүгү бар жерлерге гана отургузулушу керек. Бишкекте автоматташтырылган сугат системасы жок же такыр сугаруу каралбаган аймактарга көчөттөр отургузулбайт", — деп баса белгиледи мэр.

Дагы бир экологиялык акция Тоголок Молдо атындагы скверде өткөрүлүп, ага катальпа жана ясень дарактарынын 138 көчөтү отургузулду.

Иш-чарага дарыгер-онкологдор, онкологиялык ооруну жеңип чыккан аялдар, ошондой эле учурда дарыланып жаткан бейтаптар катышты.

Борбор калаанын башчысы Тоголок Молдо атындагы сквер жакында эле реконструкциядан өткөнүн белгиледи. Аймакты көрктөндүрүү иштери жаш ишкерлердин демилгеси менен, алардын жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.

Иш-чараны "Өмүр үчүн бирге" коомдук бирикмеси уюштурду.

Демилге шаарды жашылдандыруу менен гана чектелбестен, дарыланып жаткан адамдарга психологиялык колдоо көрсөтүүнү да көздөйт.

Белгилей кетсек, бүгүн көчөт отургузуу иштери борбор калаанын башка көчөлөрүндө, парктарында жана скверлеринде да жүргүзүлдү. Жалпысынан бир күн ичинде Бишкек шаарында 500дөн ашык көчөт отургузулду.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media
Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media
Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media